super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары маалымат жыйын берди. Дагы 17 адам коронавирус жуктуруп алды (видео, хронология)

 

Бүгүн, 16-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйын берди.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-16 10:15

"Чет өлкөдөгү 23 Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталды эле, азыркы учурда абал кандай?" деген суроо берилди.

Министрдин орун басарынын айтымында, жаңы маалыматтар жок, ошол бойдон турат.

2020-04-16 10:14

Суроо: "Кош бойлуу аял коронавирус жуктуруп алса, энеден балага өтөбү?"

Нурболот Үсөнбаев энеден балага өтүү толук ыктымал экенин айтты.

2020-04-16 10:10

Суроо: "Кытай мамлекетинен Кыргыз өлкөсүнө 15 адис келе турганы айтылды. Алар келсе кайсы облустарга жөнөтүлөт?"

Министрдин орун басары билдиргендей, эл аралык иштер боюнча тармак бар. "Чет элден келген дарыгерлерди иштөө шарттарын тактап, даярдык көрүп жатабыз", - деди ал.

2020-04-16 10:07

Министрдин орун басарынын айтымында, жалпы коронавирус жуктурганардын арасында – 251 аял, 215 эркек. Өлкө боюнча 466 адам коронавирус менен жабыркап жатат. 

Жалал-Абад облусу – 93;
Ош облусу – 131;
Ош шаары – 71
Чүй облусунда – 28;
Бишкек шаары – 87;
Баткен облусунда – 5;
Нарын облусу – 45;
Ысык-Көл облусунда – 6.


2020-04-16 10:06

"Бир суткада 13 адам коронавирустан айыкты. Жалпы 91 адам ооруканадан чыгарылды. Каза болгондордун саны өскөн жок" дейт Үсөнбаев.

2020-04-16 10:05

Өткөн сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 4, Нарын облусунда – 1. Жалпы 104 медицина кызматкери коронавирус менен жабыркап жатат.

2020-04-16 10:03

16-апрелге карата дагы 17 адам коронавирус жуктуруп алды. Жаӊы катталгандардын 7өө аял, 10у эркек.
Бишкек шаары – 5;
Ош облусу – 1;
Нарын облусунда – 11.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
16.04.2020. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ Аллахым токтоп калса экен туш коргондой эле отуп кетсе экен Оомиинь
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: