super.kg logo

Бишкекте өзгөчө абал учурунда мас абалында кармалган милиция кызматкерлери иштен айдалды

 

Бишкекте өзгөчө абал учурунда кызматтык унаада мас абалында кармалган кызматкерлер иштен айдалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирдишти.

"Аталган факт боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен ИИМдин криминалдык милиция кызматынын үч кызматкери кызматтык тартипти бузгандыгы аныкталды. Биринчиден, алар коменданттык сааттын талаптарын бузушту. Экинчиден, кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилинде мас абалында жана кызматтык автоунаада кармалышкан. Аталган үч кызматкер Бишкек шаарындагы наркология борборунда медициналык кызматкерлер тарабынан текшерилип, алардын мас экендиги тастыкталган жана тиешелүү документтер толтурулган. Автоунаа атайын айып салуучу жайга токтотулган.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, ички иштер органдарынын кызматкерлери өзгөчө абал учурунда күчөтүлгөн даярдык баскычында кызмат өтөп жаткандыгына карабастан, алар мыйзам талаптарын жана кесиптик этиканын ченемдерин сактаган эмес. Ошондуктан алар ички иштер органдарынын катарынан бошотулду.

ИИМ кызмат учурундагы тартип бузган кызматкерлерден тазалоону улантат, аларга катуу чараларды көрөт жана эскертет. Ички иштер министрлиги кызматтык милдеттерин так аткарбаган, өзүнүн коом алдындагы, эл алдындагы парзына жана милдетине кайдыгер караган, милициянын кадыр-баркын кетирген, пара алган, мыйзам бузган кызматкерлерден тазалоо боюнча ички иликтөөлөр кызматына катуу талаптарды коёт", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин блогер Болот Ибрагимов социалдык тармактагы баракчасына Бишкекте милициянын 4 кызматкери кармалды, алар мас абалында болушкан деген видеону жүктөгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.04.2020. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мыйзамдын бизге кереги деле жок болуп калыптыр. Иштен айдап, кечирим суратып, сөгүш бергенди эл өзүбүз эле аткарсак жакшы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: