Биринчи вице-премьер: "Нарында бир эле кишиден коронавирус аныкталган, ал кайсы жактарга барганын айтпай койгондуктан башкаларга дагы жукту"
Кечээ, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев Нарын, Ат-Башы районунда эмнеге өзгөчө абал киргизилип жатканын сурады.
Анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ат-Башы району боюнча акыркы мезгилде 19 жарандан коронавирус аныкталганын айтты. "Ошол жердеги саламаттыкты сактоо тармагында иштеген кызматкерлердин, жергиликтүү бийликтин сунушу менен ушундай чечимге келдик. Акыркы мезгилде күчөп баратат. Башында бул жерде 1 эле кишиден коронавирус аныкталган, ал кайсы жактарда жүргөнүн айтпай коюп, ошонун эсебинен Нарын облусунда пайда болуп кетти", - дейт ал.
Кечээ, 15-апрелде Жогорку Кеңеште Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө токтом долбоору кабыл алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Башында жашырганда эле жарыялаш керек эле. Эми кеч, ото кеч. Канчасына жугуп кетти. Акмак адам экен жашырган, бул чыккынчылык