Казакстанда коронавируска массалык түрдө тест алуу башталды. Өлкөдө ооругандардын саны 1 миң 331ге жетти
Казакстанда коронавирус менен ооругандардын саны 1 миң 331ге жетип, анын 16сы каза болду. Ал эми 240 бейтап илдеттен арылып, ооруканадан чыгарылды.
Коңшу өлкөдө массалык түрдө коронавируска тест алуу башталды. Анда 19 лаборатория иштеп, суткасына 6 миңге жакын анализдин жыйынтыгын чыгара алат. Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги вирустун күч алган мезгилине жеткенин, мындан улам массалык түрдө тест алууну баштаганын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.