super.kg logo

"Коронавирус 2019-жылдын декабрь айынын соңунда эмес, ноябрда эле чыга баштаган" дешет кытай басылмалары

 

2019-жылдын 17-ноябрында Кытайда коронавирус COVID-19 жуктуруп алган биринчи адам аныкталган. Ал 55 жаштагы Хубэй провинциясынын тургуну болгон деп жазышат айрым кытай басылмалары.

Буга чейин дүйнөлүк маалымат булактары коронавирустун жаңы түрү 2019-жылдын декабрь айынын соңунда чыга баштаганын жазып келишкен.

Бирок кытай гезити вирус андан эрте чыкканын мамлекеттик документтерге таянуу менен жарыялашкан. Андагы маалымат боюнча 55 жаштагы жаран коронавирус жуктуруп алган эң алгачкы бейтап болушу мүмкүн. Бирок анын "биринчи бейтап" деген статусу расмий тастыктала элек деп жазышат.

"Кытай басылмасынын колуна тийген документтер окумуштууларга чоң жардам бериши мүмкүн. Андагы маалыматтардын негизинде изилдөөчүлөр вирустун жайылуу географиясын аныктап, балким, коронавирустун чыныгы булагын тапканга жардам бермек", - деп жазышат чет элдик басма сөз булактары.

Маалым болгондой, 12-мартта Кытайдын саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комиссиясынын башчысы Чжун Наньшань коронавирус пандемиясы июнь айында токтошу мүмкүн экендигин билдирген.

Дүйнөлүк ЖМКлар коронавирус тууралуу алгачкы маалыматтарды 2020-жылдын январь айынын башында жаза башташкан. Бирок вирусту "сырдуу өпкө оорусу" деп аташкан. Анда 7-январга карата Кытайдын Ухан шаарында сырдуу дем алуу жолдорунун оорусуна чалдыккандардын саны 59га жеткени маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: