super.kg logo

Таманга чыккан кызыл темгилдер. Коронавирустун жаңы белгиси аныкталганы айтылууда

 

Италия жана Испаниянын дарыгерлери COVID-19 инфекциясы менен ооруган бейтаптардын жаңы белгилери аныкталып жатканын айтышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, адамдардын бутуна чыккан кызыл темгилдер коронавирустун белгиси болушу ыктымал. Дарыгерлер мындай жыйынтыкка окшош белги менен кайрылган бейтаптардан улам келишкен. Мисалы катары 13 жаштагы бейтапты алышкан. Алгач ал 8-мартта бутундагы жөргөмүштүн чакканына окшогон кызыл темгили менен ооруканага түшкөн. 2 күндөн кийин балада коронавирустун белгилери башталып, дене табы көтөрүлүп, булчуң, башы ооруган. Ошондой эле бутундагы темгил кызытып, кычышкан. 29-мартта бейтаптын тести коронавирус жуктурганын аныктаган.

Учурда италиялык ооруканада жаткан ар 5 бейтаптын биринин терисинде маселе жаралганы айтылат. Мындай белги өзгөчө жаш балдар менен өспүрүмдөрдө кездешет.

"Эгерде лабораториялык изилдөөлөр коронавирустун жаңы белгиси чыкканын аныкташса, анда балдардын оорусунун жеңил түрүндө билип, дарылоого жетишебиз", - деген балдар дерматологу Маццотта Трокколи.

Испаниялык адистер да коронавирустун мындай белгилерин байкап жатышканын жана ал көбүнчө жаш балдарда кездешип жатканын айтышкан. "Ошондой эле тамандагы кызыл темгилдер улгайган бейтаптарда да кездешүүдө", - деген Педиатрлар ассоциациясынын испаниялык өкүлү.

Эксперттин айтымында, коронавирустун башталышында чечек же кызылча оорусундагыдай кызыл темгилдер чыгат. Бүдүрчөлөр буттун бармактарына чыгып, кийинчерээк жоголуп кетет.

Педиатрлар ассоциациясы эгер ушундай белги байкалса, адам өзүн изоляцияга алып, байкоо жүргүзүү керектигин эскертишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.04.2020. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
эми аары чаксада,чымын консода,чиркей чаксада аты жаман коронавируска шылтап.... кумурскадан пил жасамай экенда.Этият болгула,уйдо болгула.Аллахым озу сактасын бул илдеттен дуйно жузу тынч болсун
17.04.2020. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык укпай калдык го чиркин,эмнеси болсо да баары жакшы эле болсунчу, адамдар аябай кыйналып кетишти ,акыры жакшы бутсо болду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: