super.kg logo

Новосибирск-Бишкек каттам чыры: Жергиликтүү бийлик өлкөгө кайта албай жаткан Кыргыз жарандары менен жолукту (видео)

 

Бүгүн, 16-апрелде Новосибирск шаарынын администрация өкүлдөрү аэропортто кармалып турган Кыргыз жарандарына жолугуп, абалды түшүндүрдү.

Алар билдиргендей, жарандардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө Орусия тараптан эч кандай каршылык болгон эмес. 11-апрелдеги Новосибирск-Бишкек каттамынын жокко чыгуусу Кыргыз өкмөтү тараптан болгон. Бул тууралуу атын атагысы келбеген жаран шаар администрация өкүлдөрү келип, абалды түшүндүргөн учурда белгилүү болгонун айтып берди.

"Азыркы абалыбыз - ачка калган жокпуз, жаткан жерибиз бар. Ушуга чейин Кыргыз бийлигинен суранып, бизди качан алып кетет деп үмүт кылып күтүп келдик. Колдорубузда 16 миң, 14 миң сомдук билеттер турат.
Биринчи күнкү депутаттардын баары мигранттарды алып келгенге эмне тоскоолдуктар болуп жатканын сурап жатышты. Азыркы тапта аэропорт жабык эмес, ал чартердик каттамдарга ачык экенин өздөрү деле айтып, учкучтун баш тартканын билдиришти. Эртеси жыйында чечилген эле маселени карап коюшту.

Биздин азыркы абалыбызды жыйындын жүрүшүндө айтышкан жок. Үч маал тамак менен отелдерде жатышат деди. Ооба, отелдерде жатканыбыз чын, бирок тамак жагынан Новосибирск эли, дос, туугандарыбыз жардам берип жатат. Эмне керек болсо, ошонун баарын алып келип жатышат. Себеби бул жакта диаспора жакшы иштейт экен. Азыр Жогорку Кеңешти эки көзүбүз төрт болуп тиктеп отурабыз. Мынчалык акыбалга калтырат деп биз чынында ойлогон эмес элек. Ал арада күтүүнүн себебинен көп окуялар жүз берди. Кош бойлуу келиндин баласы ичинен өлүп калды, арабыздагы бир жаран өзүнө кол салды жана башка окуялар болуп кетти.

Биз 23-марттан 24-мартка караган түнү аэропортко келгенбиз. 27-мартта чартердик каттам аптасына бир жолу жүрүп турат деген чечим бар болчу. Бирок бир апта делгени менен ал каттам да жокко чыгарылды. Белгисиз себептерден кыргыз тарап баш тартты дешти. 10 күн аэропортто түнөдүк, алгач аэропорттогулар силердин абалыңарды көрүп, алып кетишет деп жакшы мамиле кылып жатышты. Кийин жыйынтык болбогондон кийин кууп чыгышты. Мына ошондон кийин гана бизди отелдерге жайгаштырышты", - деп билдирди жаран.

Ал эми кечээ, 15-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт өлкөдөн тышкары жүргөн жарандардын маселесин чечүү боюнча ишти үзгүлтүксүз жүргүзүп жатканын айткан болчу.






Новосибирск шаарынын администрация өкүлдөрү аэропортто кармалып турган жарандарга жолукту

Новосибирск шаарынын администрация өкүлдөрү аэропортто кармалып турган жарандарга жолукту

Новосибирск-Бишкек каттам чыры боюнча түшүндүрмө беришти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.04.2020. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шайлоодо эми козду чоооон ачып шайлагыла жеп жутарлардын иши ошондо тушот,1000-2000ге алданбай голосту саткан озунорду кошо саткан менен барабар.Азыркы бийликтинда элге куну тушо турган кун
да алып эмес ал кунда келет.
16.04.2020. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бул жолку шайлоодо акчанын көзүнө карабай добушту кымбат болсо дагы сатып алууга аракет кылышат. Акчасына алданып дагы ушул ыплас арамтамактарды шайлап алып, ушинтип дагы кор болуп калбайлы.
16.04.2020. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мигранттарды олкобузго алып келуу Аракет окмоттон болбой атат Депутаттарыбыз жакшы эле аракет кылып атат баары эмес 4.5 оосу. Сабыр кылабыз дуба кылабыз башка айлабыз жок. Менда жатам москвада кете албай оз олкомо
leilekstan_1987 түзөттү 2020-04-16 19:47:11
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: