super.kg logo

Орусияда сутка ичинде коронавирус жуктуруп алгандар бүгүн дагы рекорд койду

 

Акыркы бир суткада Орусиянын 78 аймагынан 3 миң 448 адам коронавирус жуктуруп алып, 34 бейтап каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Бул көрсөткүч Орусияда сутка ичинде инфекцияны жуктуруп алгандардын ичинен жаңы рекорд болуп саналат. Буга чейинки рекорд кечээ, 15-апрелде катталган. Анда 3 миң 388 адам жуктуруп алган.

Сутка ичинде коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен:

Москва шаарында - 1 миң 370;

Москва облусунда - 467;

Санкт-Петербург шаарында - 154;

Нижегород облусунда 65 адам жана калгандары башка аймактардан.

Акыркы маалыматтар боюнча, Орусиянын 84 аймагынан жалпы 27 миң 938 адам коронавирус жуктуруп алды. 232 адам каза болсо, 2 миң 304 бейтап айыгып чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.04.2020. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Орусиядагы мекендештер аман болсун, гражданствосу жокторду дарылашпайт дагы экен. Вирус жуктуруп албай этият болгула! Кудай сактасын жалпы адамзатын.
16.04.2020. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Этият болуп квартиранардан чыкпай олтургула эми мекендештерим.Аллахым сактасын.
16.04.2020. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен баарына жаман корунуп буттум квартирамда.чыкпа,чыдайлы,этият бололу,коргонолу деп болгон аракетим менен шарт тузуп,тазалап,дезинфекциялап отурам.а квартиранттарга баары бир экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: