super.kg logo

"Эч кимге аёо болбойт! Бул өлүм менен өмүр маселеси". Вирус жуктургандар менен байланышта болгондорго күчөтүлгөн көзөмөл жүргүзүлөт

 

Өлкөдө коронавирус жуктурган оорулуулар менен байланышта болгон жарандарга күчөтүлгөн көзөмөл жүргүзүлөт. Бул тууралуу республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Жер-жерлерде оорулуулар менен байланышта болгон жарандардын үй карантининин шарттарын кармануусун көзөмөлгө алуу боюнча күчөтүлгөн иштерди жүргүзүү зарыл. Эч кандай кемчиликтерге жол берилбеши керек. Укук коргоо органдары тургундардын коңшулар жана туугандар менен болгон тышкы карым-катышын болтурбоону көзөмөлгө алуусу керек. Аларга карантинди бузган жана башка жарандарга ооруну жугузган учурда каралган жоопкерчилик тууралуу эскертүү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү абзел. Бул инфекциянын жайылышынын алдын алууда артыкчылыктуу иш болуп саналат", - деди Боронов.

Бүгүнкү күндө үй карантинине 7 миң 537 жаран алынып, анын ичинде тыгыз байланышта болгондор (I категория) – 1 миң 556, башка байланышта болгондор (II категория) – 5 миң 981.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, тармактык мамлекеттик органдарга өзгөчө абал режимин киргизүүгө байланыштуу уюштуруу маселелерин, анын ичинде посттордогу кызматкерлерди коргонуу кийимдери, ысык тамак менен камсыздоону жөнгө салуу тапшырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Бишкектеги обсервациялык пункттарды даярдоону тездетүү милдеттендирилди.

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, райондордун акимдерине жер-жерлерде дыйкандарды айыл чарба техникаларын оңдоо үчүн зарыл тетиктерди сатып алуусуна бардык шарттарды түзүүсү тапшырылды, оңдоочу жайлар, запастык бөлүктөрдү сатуу пункттары жана тармактык адистердин иштөөсү зарыл экени эскертилди.

"Эч кимге аёо болбойт! Коюлган бардык талаптар токтоосуз аткарылышы керек. Бул өмүр менен өлүм маселеси. Биздин ката кетирүүгө укугубуз жок", - деп жыйынтыктады Кубатбек Боронов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.04.2020. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өмүр менен өлүм ээми эске түшүп атабы? Түш болду го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: