Коронавируска кабылган журналист илдеттин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди

Журналист Георгий Кудиновдун билдиргенине ылайык, 10 күн бою анын дене табы түшпөй, катуу жөтөл менен коштолгон. Тапшырган тесттин жыйынтыгы чыгып, аны жугуштуу оорулар бөлүмүнө 14 күнгө жаткырышкан.
Кудинов жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган соң өзүн дароо жеңил сезип калган. Муну дарыгерлер оорунун өткөөл мезгили болоорун, ал учурда бейтаптын абалы оорлоп же тескерисинче жакшы болуп калышы мүмкүн экендиги менен түшүндүрүшкөн.
Журналист ошондой эле ага бир нече дары жазып беришкенин айткан.
"Мага дарунавир жана ритонавир деген дарыларды жазып беришти. Көпчүлүк бул дарылар ВИЧ менен каршы күрөшүүдө колдонуларын биле бербесе керек. Мындан сырткары дагы бир мурда-кийин атын укпаган дары ичип жаттым", - деп билдирген Кудинов.
Ооруканада жаткан 10 күн ичинде Кудинов 3 жолу рентгенге түшкөн. Андан 5 жолу анализге кан алышкан. Акыркы алынган анализ жана рентгендин сүрөтү журналисттин абалы жакшы болуп калганын көрсөтүп, ал үйүнө чыгарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.