Өзбекстанда коронавирустан 127 адам айыкты
Өзбекстанда дагы 20 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме берип жазып жатышат.
Айыккан жарандар Бухара аймактык жугуштуу ооруканасында дарыланып чыгышкан.
Маалыматка ылайык, алар чартердик каттам менен Түркиядан Бухарага келишкен. Аталган 20 жарандын 10у эркек болсо, 10у аял кишилер. Алардын ичинен эң улуусу 57 жашта болсо, эң кичүүсү 21 жашта.
Бүгүнкү күндө аталган өлкөдө коронавирустан 127 адам толук айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.