112 ыкчам номерине бир суткада 8 миңге жакын чалуу болду

112 бирдиктүү мамлекеттик нөөмөтчү-диспетчердик кызматы күнү-түнү жарандардан чалууларды кабыл алууда. Бул тууралуу ӨКМнын 112 бирдиктүү мамлекеттик нөөмөтчү-диспетчердик кызматынын башчысы Мухаматалы Жантаев билдирди.
Анын айтымында 112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде 7 миң 910 чалуу катталып, анын ичинен 600ү коронавирус боюнча чалуу болгон.
Ал эми 18-марттан тартып 15-апрелге чейинки аралыкта жалпы 254 миң 6 жолу чалуу түшүп, анын ичинен 19 миң 954 чалуу коронавируска байланыштуу болсо, 96 миң 317 жолу максатсыз чалуулар болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.