"Евровидение-2020" ыр сынагын өткөрүүгө даярдалган залга коронавирус менен ооругандар жаткырылат
Роттердам шаарынын жетекчилиги эл аралык "Евровидение-2020" ыр сынагын өткөрүүгө даярдалган залга коронавирус менен ооругандарды жаткырууну чечти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай чечим чыгарууга ооруканаларга бейтаптардын батпай калганы себеп болгон. Сынакка арналган жайда жалпысынан 680 орун жайгаштырылат. Бейтаптар дүйшөмбүдөн тарта кабыл алынат.
Май айынын ортосуна белгиленген ыр сынагы коронавирус пандемиясына байланыштуу 64 жылдык тарыхында биринчи жолу өтпөй калды.
Бирок кийин уюштуруучулар сынак 2020-жылдын 16-майында башка форматта өтөрүн билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
rola

16.04.2020. 21:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тынч болсок мындай сынактын далайы отот.Капа болбой тургула ырчылар.Кудайдын берген бир сыноосу бул да болсо.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.