"Африканын айрым мамлекеттеринде вирус жайылган жок. Демек коронавирус жайында токтойт дегенге негиз бар" дейт эксперт

16-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус оорусун жугузгандардын саны 2 миллион 62 миң 485 кишиге жетти. Алардын ичинен 511 миң 843 адам айыгып, ооруканадан чыкса, 136 миң 908 бейтап каза болду. Учурда коронавирус илдети менен дүйнөнүн 185 мамлекети күрөшүп жатат.
Кытайдын Ухан шаарында пайда болгон таажы вирусу алгач бүткүл Европаны, андан соң Азия мамлекеттерин да каптады. Азырынча вируска каршы вакцина да, дары-дармек да жок. Андыктан ар бир өлкө Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун көрсөткөн алгоритмин аткаруу менен гана ооруга туруштук берүүгө аракет жасашууда. Ал арада эксперттер айдыңында коронавируска байланышкан ар түрдүү ой-пикирлер пайда боло баштады. Арасынан COVID-19 вирусу ысыкта жоголобу же жокпу деген суроонун айланасында бир топ талаш пикирлер жаралып, ал эксперттерди эки жаатка бөлдү.
Алсак, Экс-Марсель университетинде эмгектенген Реми Шаррел жана анын кесиптештери коронавирусту өлтүрүү үчүн 92 градус ысык температура керектигин тажрыйба жүргүзүп аныкташканын билдиришкен.
Ал эми дүйнөгө белгилүү вирусолог, полиомиелит оорусуна каршы вакцинаны тапкан профессор Жулио Тарро коронавирус пандемиясы жай мезгилинде токтошу мүмкүн экендигин айткан.
"Коронавирус кадимки мезгилдүү куш тумоосу сыяктуу жер жүзүндө калышы мүмкүн. Аны менен күрөшүүдө вакцинаны күтпөш керек, вирустун симптомдорун жоготуу үчүн дарылоо жүргүзүү жетиштүү. Африка мамлекеттеринде вирустун жайылбай жатышы вирустун өрчүшү күн ысыганда токтойт дегенге негиз берет", - деген вирусолог.
Вирус каттала элек өлкөлөрдүн арасында Африка мамлекеттери да бар:
- Тажикстан
- Түркмөнстан
- Түндүк Корея
- Самоа (Полинезия штаты)
- Түштүк Судан (Африкадагы мамлекет)
- Лесото (Түштүк Африка Республикасынын аймагы менен курчалган падышалык)
- Комор аралдары (Чыгыш Африкадагы мамлекет)
- Микронезия (Океаниядагы мамлекет)
- Кирибати
- Маршалл аралы (Микронезиядагы Тынч океан штаты)
- Палау (Тынч океандын батыш тарабындагы архипелаг мамлекет)
- Науру (Тынч океандын батыш тарабындагы коралл аралындагы мамлекет)
- Сан-Томе жана Принсипи (Африка)
- Тонга (Тынч океандын түштүгүндөгү Полинезия падышалыгы)
- Тувалу ( Тынч океан штаты)
- Вануату (Тынч океандын түштүгүндөгү мамлекет).

Кундун ысык суугуна карабай женебиз.