super.kg logo

Дарыгерлердин коронавирусту жуктуруп алуу тобокелчилигин азайтуу максатында. Казакстанда вируска кабылгандарды дарылоочу госпиталь курулууда

 

Коңшу Казакстан коронавирустун күч алган мезгилине жеткенин айтып, жарандарды массалык түрдө тесттен өткөрүп баштады. Аталган өлкөдө коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн 200 орундуу госпиталь курулууда. Медициналык жайдын курулушу 17-апрелде аяктап, эксплуатацияга берилери күтүлүүдө.

Казак басылмаларынын маалыматына ылайык, госпиталь Нур-Султан шаарынан 10 чакырым алыс жерде жайгашкан. Бул жайды куруу менен оорулууларды дарылоонун натыйжалуулугу жогорулайт, медицина кызматкерлеринин вирусту жуктуруп алуу тобокелчилиги азаят деп айтылат маалыматта.

Учурда госпиталдын чатыры жабылып, ичине тиешелүү жабдыктарды орнотуу иштери жүргүзүлүп жатат. Иштин көлөмүнө жараша миңден ашуун жумушчулар тартылат. Курулуш жүрүп жаткан аймакта жумушчулардын коопсуздугу каралган, "Тез жардам" кызматы жана атайын дарыгерлер нөөмөттө турушат.

Казакстанда коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 1 миң 362ге жетип, анын 277си илдеттен арылды. Каза болгондордун саны 17 адамды түздү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.04.2020. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бай мамлекеттер учун госпитал болница куруу проблема эмес Кытай 1жумада курду Коңшу Өзбекстан Россия ээми Казакстан даагы биз дуйнолук банктардан уюмдардан элден тушкон акчаныда жеп коюп жатабыз!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: