super.kg logo

АКШда бир аптанын ичинде 5 миллиондон ашык киши жумушсуз калды

 

АКШда коронавирус пандемиясынын айынан жумушсуздук боюнча жаңы жөлөк пулдарды сураган жарандардын саны бир аптада 5 миллион 200 миң адамга көбөйдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Эмгек министрлиги билдиргенин чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Бул өлкөдө акыркы төрт аптада жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууга арыз бергендердин саны 21 миллион адамдан ашкан. Бул рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Мурда төрт апта ичинде жумушсуздук боюнча жөлөк пул алуу үчүн кайрылган адамдардын эң көп саны 1982-жылы катталган. Анда 2 миллион 700 миңден ашуун адам жөлөк пул боюнча кайрылган.

Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө 640 миң 14 адам коронавирус жуктурган. 31 миң 2 адам каза болсо, 52 миң 772 адам айыгып чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.04.2020. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кантсе да кыргыз кучтуу сабырдуу калк екенбиз,оз оокатыбызды таап жеп келе жатабыз дажы жолок пул сурабайбыз,жашообузга нааразы болбойбуз баары чики чики.
16.04.2020. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жолок пул сурасан деле бербейтда барибир
17.04.2020. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Barak-9494, шайлоонун алдында элди алдап, жашы 18ге чыга элек 3балалуунун баарына беребиз деп алдашты да, шайлоо откон сон, кирешен киши башына 800дон жетсе айына анда байсын деп бербей кое турган закон кабыл алышты. Эми ойлоп корсонор 3баласы бар адамдын уйундо 5киши жашайт да, анан ал кантип эле айына 4мин таппай калсын. Негизи 4минди жумасына тапсан деле, азыр бут нерсе кымбат. Анча мынча семьялар бар 4мин ары турсун, 40минди 1айга жеткире албай коп расход кылган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: