super.kg logo

"Ухан вирусу": Каза болгондордун саны 143 миң 844кө жетти

 

17-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус оорусун жугузгандардын саны 2 миллион 153 миң 620 кишиге жетти. Алардын 542 миң 143 жараны айыгып, ооруканадан чыкса, 143 миң 844 бейтап каза болду.

АКШда 667 миң 801 бейтап оору менен күрөшүүдө. Анын 54 миң 703 жараны айыкса, 32 миң 917 бейтап көз жумду.

Испанияда 184 миң 659 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, 74 миң 737 бейтап ооруну жеңген, тилекке каршы 19 миң 315 бейтап дүйнө салды.

Италияда болсо, 168 миң 941 адамдан коронавирус аныкталып, 40 миң 164 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 22 миң 170 жаран каза болду.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: