Жалал-Абад. Быйыл облустан 784 адам ажылыкка барат
Жалал-Абад облусунан быйыл ажылык сапарга 784 адам бара турганын 30-августта облус казысынын орун басары Ордобек Оморбеков билдирди. Айтымында, быйыл Меккеге барууну каалаган 30-50 жаштагы жарандар көп болууда. "Ажылыкка бара турган ар бир адам 2300 доллар жана кошумча 1000 сомдон берүүдө",- деди Оморбеков. 18 жашка толгон ар бир каалоочу ажылыкка барса боло турганын кошумчалады ал.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
0

