super.kg logo

«Мой О!» тиркемесиндеги окутуучу материалдарына акысыз кирүү

 

О! Мобилдик оператору Кыргызстандагы дистанциялык окутуунун өнүгүүсүн колдоосун улантууда.

Эми ар бир окуучу нөлдүк баланста дагы «Мой О!» тиркемесиндеги бардык окутуучу материалдарга акысыз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат.

Атайын «Мектеп» бөлүмүндө жайлуу онлайн-окутуу үчүн керектүү бардык нерселери камтылган: билим берүү ресурстары, сабактардын жүгүртмөсү, видео сабактар жана электрондук китептер менен бирге санариптештирилген окутуучу материалдар.

Окутуу тилин тандоо (кыргыз, орус) менен контентти класстар жана предметтер боюнча бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгү дистанциялык окутуу процессин ыңгайлуу жана түшүнүктүү кылат.

Бул платформа менен пайдалануу үчүн «Мой О!» тиркемесин орнотуу жана «Мектеп» бөлүмүнө өтүү гана жетиштүү.

Толук видеонускаманы көрүү үчүн басыңыз.

О! Мобилдик оператору дистанциялык окутууну колдоонун алкагында мугалимдер жана окуучулар үчүн тарифтик пландарды, ошондой эле студенттер үчүн жеңилдетилген тарифти мурда киргизгендигин эсиңиздерге салабыз.

Кененирээк маалымат www.o.kg сайтында.

Бирге окуйбуз! О! Мобилдик оператору ар дайым сиздер менен.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: