super.kg logo

"Вирус тууралуу калп, саясий калптан да жаман". Фейсбук колдонуучуларына так маалыматтарды таратат

 

"Facebook Inс" компаниясы колдонуучуларды Covid-19 тууралуу фейк, жалган маалыматтар жөнүндө билдирип турууну чечти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Мындай чечим акыркы кезде социалдык тармактарда вирус тууралуу ар кандай туура эмес, чындыкка дал келбеген маалыматтар көп тарап жаткандыгына байланыштуу кабыл алынганы айтылат.

"Эгер социалдык баракчасында колдонуучу вирус тууралуу маалыматтын астына лайк басып, комментарий таштап же аны башкалар менен бөлүшкөндөн кийин маалымат калп экени аныкталса, Фейсбук жеке билдирүү жөнөтөт. Анда компания Covid-19 боюнча фейк маалыматтарды төгүндөгөн Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атайын бөлүмүнө шилтеме берет. Вирус тууралуу маалыматтарды Фейсбук көзөмөлдөйт. Мисалга алсак, интернет аркылуу аралыкты кармоо вирустан коргонууга жардам бербейт же коронавирусту кандайдыр бир химиялык заттарды колдонуу менен айыктырса болот деген маалыматтар болушу мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, Фейсбук социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг жалган маалымат адамдарга олуттуу зыян алып келүүчү коркунуч экенин белгилеп, "Вирус тууралуу калп, саясий калптан да жаман" деген оюн билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: