super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргыз өлкөсүнө тест-системдерин берди

 

Бүгүн, 17-апрелде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргыз өлкөсүнө коронавирусту изилдөөчү 64 ПЦР тест-системдерди өткөрүп берди. Бул тест-системдер 6 миң 720 изилдөө жүргүзүүгө ылайыкташып, скринингдик изилдөө жүргүзүп, оң жыйынтыктарды тастыктоо үчүн пайдаланылат. Тест каражаттары Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилгенин мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Бул үчүнчү жолку жардам болуп эсептелет. Буга чейин февраль, март айларында даярдыкты күчөтүүнүн алкагында жана оору чыгып кеткен учурда илдетти тез аныктоо, чара көрүү үчүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан өлкөгө 2 миң 600 тест алып келинген.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус илдетин аныктоо үчүн анализ алуу кайтарым транскрипциядагы полимераздык чынжырлуу реакция (ПЦР) ыкмасын пайдалануу менен жүргүзүлүшү керектигин сунуштайт. Бул ыкма COVID-19 вирустук инфекция илдетин аныктоодо эң эле так жана ишенимдүү болуп эсептелет. Бул ыкма адамдын биологиялык материалындагы эң аз сандагы РНК вирусун аныктоого жана оорунун баштапкы стадиясында эле табууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
17.04.2020. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфодо иштеген мекендештер,соңку кабарда коронавирус тууралуу азыраак жазсанар болобу?Анча мынча элди алаксыта турган башка көңүл көтөргөн жаңылыктардан да көбүрөөк жазсанар деген эле ой.
17.04.2020. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
titanik32, башка маалыматтар да бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: