Бириккен Араб Эмирлигиндеги кыргыздарды алып келүү үчүн чартердик каттамдар уюштурулат
Бириккен Араб Эмирлигиндеги кыргыздарды алып келүү үчүн 26-апрелде чартердик каттамды уюштуруу болжолдонууда. Аларды Дубай-Бишкек каттамы менен алып келүү боюнча тиешелүү тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты."Бириккен Араб Эмирлигинин авиациялык мекемелери менен министрлик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргыз жарандарын чартердик каттам менен алып келүүнү уюштурууну мерчемдеп жатат. Алдын ала сүйлөшүүлөргө ылайык, аталган өлкөдөгү кыргыздарды мекенге алып келүү ушул жылдын 3-майына жана 10-майына белгиленүүдө. Ошондой эле 26-апрелге дагы чартердик каттам уюштуруу каралууда", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(2)
Aikaaaa
17.04.2020. 17:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иий Аравиядан деселе жүрөк түшөт, кое турса болбойт беле. Эмне дээриңди да билбейсиң. Кудай эле сактасын
jergetal
17.04.2020. 18:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Албетте ченовник жана министрлердин тууган уруктары келет....
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















