super.kg logo

Өлкөнүн жардамга муктаж үй-бүлөлөрүнө көмөк көрсөтүлдү

 

Өкмөт өлкө аймактарында 17-апрелге карата калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча 23 миң 177 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүктөр берилди. Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 2 миллион 812 миң 584 сомду түздү. Мындан тышкары матрезерв фонду тарабынан 6000 үй-бүлөгө 300 тонна ун таркатылган. Ошону менен катар эле шаардын четиндеги конуштарындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүлдү. Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө да берилди.

Ал эми Ош шаары боюнча 11 миң 667 муктаж үй-бүлөгө жардам берилди. Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 107 миң сомду түздү. Облус боюнча 62 миң 87 муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 829 миң 146 сомду түздү. Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана демөөрчүлөр менен биргеликте 23 миң 681 үй-бүлөгө жардам берилди. Финансылык жардамдардын жалпы суммасы 348 миң 500 сом. Жалал-Абад облусу боюнча 55 миң 807 үй-бүлөгө жардам берилип, финансылык жардамдын жалпы суммасы 564 миң 751 сомду түздү.

Баткен облусундагы 10 миң 649 үй-бүлөгө жардам берилди. Финансылык жардамдын жалпы суммасы 4 миллион 216 миң сомду түздү. Ысык-Көл облусунда 17 миң 209 муктаж үй-бүлөгө жардам берилди. Нарын облусу боюнча 9 миң 959 муктаж үй-бүлөгө көмөк көрсөтүлдү. Талас облусунда дагы 3 миң 188 муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.04.2020. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайрымду жарандар тарабынан десеңер болмок мамлекеттен деп түшүнөт көбү мамлекет тарабынан жардамга бөлүнгөн миллиондор кайда кетип атат сол чөнтөккөбү бул жерде жарандар тарабынан чогулган акчалар эле көрүнүп турат Гумжардамдарда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: