Нарын шаарында мас абалында унаа башкарып бараткан жаранга 17 миң 500 сом айып салынды
Бүгүн, 17-апрелде Нарын шаары жана Ат-Башы району боюнча комендант Уланбек Аалиев онлайн маалымат жыйын берди.
Жыйында Нарын шаары жана Ат-Башы району боюнча коменданттык сааттын талаптарын бузган жарандар тууралуу маалымат берилди.
"Нарын шаары боюнча 6 жаран кармалды. Анын ичинен бир адам мас абалында унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалды. Ага 17 миң 500 сом айып салынды. Анын унаасы айып короосуна токтотулду. Мас абалында жүргөн дагы төрт жаранга айып салынды. Ат-Башы району боюнча алсак, 6 жаран кармалса, анын ичинен 2 адам мас абалында автоунаа айдагандар", - деди комендант.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.