super.kg logo

Комендант: "Нарынга Пакистандан вирус алып келген жаранга кылмыш иши козголгон. Ал таксинин айдоочусуна коронавирус жуктурганы аныкталды"

 

Нарынга Пакистандан келип, башкаларга оору жуктурган жаранга иш козголду. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде комендант Уланбек Аалиев онлайн маалымат жыйында билдирди.

Жыйында "Пакистандан келген жаран жоопкерчиликке тартылабы? Аны менен таксиде чогуу келгендер эмне болду?" деген суроо узатылды.

"Бүгүнкү күндө Пакистандагы дааваттан келген жаранга кылмыш иши козголгон. Азыр бул адам айыгып, үй-бүлөсү менен бирге үй карантинине чыкты. Тергөө иши баштала элек. Анткени учурда дарыгерлер уруксат бере элек.

Аны менен таксиде бирге келгендердин ичинен, ошол унаанын айдоочусу гана ооруну жуктуруп алган. Учурда таксист үй-бүлөсү менен ооруканага жаткырылды"
, - деди Аалиев.

Нарын облусу боюнча жалпысынан 45 адам ооруга чалдыкса, анын ичинен мурда айыккан 2 жаранга дагы 2 жаран кошулуп илдеттен айыкты. Айыккандар бир үй-бүлө мүчөсү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
17.04.2020. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына жашоо тиричмлик эле дейсинер! Таксиснин тиричилиги и так токтоду! Ден соолук биринчи орун! Ооруу чыкты деп аткандан кийин коетурсанар боло уйдон жатып
17.04.2020. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал кезде көп күчөй элек болчу да, бул таксист билбесе да керек, керек болсо ооруп атасың деп айтылган кишибиз минтип тентип жүрсө ар кимге жугузуп. Бул кишини жакшыле жоопкерчилике тартыш керек
17.04.2020. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бироого куноону койуш оной эле ошол мезгилде жакшы тест алып убагында жаткырганда эч кимге таркап жукпайт болчу
17.04.2020. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмыш ишин чет өлкөдөн келгендерди үйүнө кое бергендерге карата козгош керек. Келген адам ооруганын кайдан билсин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: