super.kg logo

№17 үй-бүлөлүк медициналык борборунун 4 кызматкеринен коронавирус аныкталып, ооруканага жаткырылды

 

Бүгүн коронавирус жуктурган 23 жарандын арасында №17 үй-бүлөлүк медициналык борборунун (ҮМБ) төрт кызматкери болгон. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымат таратты.

"Бүгүн республика боюнча COVID-19 инфекциясын жуктурган 23 жаран катталган. Анын ичинде Бишкек шаарындагы №17 үй-бүлөлүк медициналык борборунун (ҮМБ) төрт кызматкеринде вирус тастыкталган. Учурда бардык жарандар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды.
Буга байланыштуу үй-бүлөлүк медициналык борбордо дезинфекциялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Дезинфекциялык иш-чаралар аяктаганга чейин №17 ҮМБда каттоодо турган жарандар Ленин районунун бириктирилген ҮМБсына кайрыла алышат", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин коронавирус аныкталган медицина кызматкерлери менен байланышта болгон башка кызматкерлердин "бизди обсервацияга алыша элек" деп арызданышканы жергиликтүү булактарга чыккан. Алар боюнча басма сөз катчы: "Азыр эпидемиологиялык териштирүү иштери жүрүп жатат. Негизи алгоритм боюнча баары үй карантининде болот. Алардан алдын ала анкета толтурулат. Эгер кимде үй карантинде болууга шарт жок болсо, аларды аныктап, эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлгөн соң обсервацияга муктаждык жаралса, ошондо обсервацияга жаткырылат. Учурда коронавирус аныкталган кызматкерлер менен жакын байланышта болгондордон ПЦР-анализ алынып, лабораторияга жөнөтүлдү", - деген кошумча маалымат берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.04.2020. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул поликлиниканын филиалы да бар, тактап кетсенер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: