ИИМ: “Эрмек Жунушбаевдин Ысык-Көлдөгү спорттук мелдеште калыс болгону чын. Бирок аны жергиликтүү тургундар өздөрү шайлашкан”
“Кумтөрдөн” акча талап кылды" деп айыпталган Эрмек Жунушбаевдин Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында өткөн ИИМдин спорттук мелдешинде калыс болушу тууралуу билдирүү жасады. Министрлик ал мелдештин башкы калысы эркин түрдө тандалганын кабарлады. “Мелдешке калыстык кылуучу адамды жергиликтүү тургундар өздөрү шайлашкан, буга ИИМдин тиешеси жок”,- деди мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов. Эске салсак, 29-августта Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында ИИМ тарабынан уюштурулган спорттук мелдеште “Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылды" деп айыпталып жаткан Эрмек Жунушбаев башкы калыс болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

