super.kg logo

Баласын сабаган жаран кылыгы үчүн өкүнүп жатканы айтылды

 

Бүгүн, 17-апрелде интернет желелерине баланы отжимание жаса деп мажбурлап, сабап жаткан эркек кишинин видеосу тараган. Кийинчерээк видеодогу ата Ала-Бука районунун тургуну экени жана ал учурда үй-бүлөсү менен Орусияда иштеп, жашай турганы тууралуу маалыматтар ачыкталган. Буга чейин SUPER.KG порталына өздүк булак "өспүрүмдүн тай тарабы полиция кызматына кайрылды" деп билдирген.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучусу Жумамидин Сулайманкулов видеодогу жаран тууралуу маалымат жазып чыкты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, видеодогу баласын сабап жаткан жаран анын айылдашы жана ал окуя тууралуу аны менен сүйлөшкөн.

"Коомчулукта талкууга жем таштаган, баласын сабаган жигит менин айылдашым. Вотсап аркылуу сүйлөштүм. Кылган ишине бушайман. Кызуу кандуулукка алдырып койгонун, уят болгонун, баласына карата зулумдугу жоктугун айтып, өкүнүп жатат.

Ооба, туура эмес иш болгон. Өз баласы болсо да мынчалыкка барганы аша чапкандык. Коомчулук жазалансын деген талапты коюп жатабыз. Албетте, жазасыз калбашы керек. Бирок анча-мынча жаш кезибизде таяк жегенибизди, ата-энеден кагуу-силкүү укканыбызды эске алуу менен кечиримдүү болсок. Эч ким өз канынан жаралган баласын жаман болсун дебейт. Видеого тартып, атайын жайылтуу же күйөөсүн каматып жиберүү, үй-бүлөнүн бузулуусуна алып келүү аракети да болгон эмес. Болгону туура эмес кылган ишин тууган-уруктарына жөнөтүп, тарбияга чакыруусун көздөгөн максат болушу мүмкүн.

Коомчулук тарабынан берилген баа бул эң чоң жаза болду окшойт. Элдин назары, элдин каргышынан өткөн оор жаза болбосо керек. Андыктан ата-баланын түбөлүк мамилесине жарака кетпөөсү, жек көрүү сезими жаралбоосу үчүн мен баланын атасын мыйзам алдында жазага тартуусун каалабай турамын. Азыр экөө тең жаш. Жашоо уланат. Камалса атасы түрмөдөн деле чыгат. Алган сабагы аз болот. Бир үй-бүлө талкаланат. Балдарды чоңойтуу, багып, тарбиялоо керек. Эгер кечиримдүү болуп, мүмкүнчүлүк берсек өмүр бою бул сабак көз алдынан кетпейт. Кол көтөрмөк түгүл катуу айтканга дити барбайт. Анткени ата-эне баары бир балдарын жакшы көрөт. Бул кылганы өмүр бою жүрөгүн өйүп өзүн-өзү жейт", - деп жазган ал окуя тууралуу билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(18)
17.04.2020. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туура жазыптыр . Мындай чырлар козго-кулака илинбеген коп эле уйбулолордо болсо керек . Ар бир чырды коомго жеткизе берсе , 1000 адамдын ойу мин турлуу . Бул заманда - коментарийлер- суйлосун болуп калдыго . Копчулук жазса ошого жараша бийлик аракет кылып жазалайт , жазылбаса эч ким карабайт . Колубуздан эч нерсе келбесе дагын сындаган келет , ошону жакшы билебиз , башка колубуздан келбейт .
17.04.2020. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соокто тил жок экен деп эле ура бересинерби!
Samatalibei түзөттү 2020-04-17 17:29:52
17.04.2020. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кийин баласы чонойсо ушул видеону созсуз корот. Эми бул видео таркап кетти. Баласы улам чонойгон сайын ушул видеону коруп чонойт. Ойлоп коргуло баласына, аялына кандай чон психологиялык удар.
pat12 түзөттү 2020-04-17 17:32:44
17.04.2020. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жазасын алсын актанбай
17.04.2020. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
gulzat85,каматып уй булоосун сен багасынбы? Адамдар бир уй булоону ажыратып тынасынарбы, ансыз деле ажырашкандар кобоюп жатат, туура мен бул кишини коргобойм, бирок бул камалса кимге пайда кимге зыян ойлондунарбы?
17.04.2020. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
gulzat85,койчай,бар анда барып багыш балдарын,каматып дегенин кара мунун.
17.04.2020. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulzat85,Камасын дебейм,бирок катаал бир жаза берсе болмок.Эч качан эсинен кетпей турган бир жаза тартса болмок.
17.04.2020. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ силер жузун атын бекитесинер а бирок башка сайт ачык эле корсотот мендеги суроо неге жашырасынар
17.04.2020. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
talant87,Мыйзам боюнча шектелип жаткан адамдын аты жонун же суротун жарыялоого болбойт.Кийин куноосу жок да болуп калышы мумкун.Эгер куноосу жок эле шектелгенде ал жонундо ачык маалыматты бироо тараткан болсо,ага каршы арыз жазып какой-то сумма ондуруп алса болот...Анан да женил жаза алгандар да айтыла бербейт.Кобунчо оор жаза же омур бою соттолгондор ачык жазылат
17.04.2020. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атасы ушунчалык сабаганда темир мн эле урмак,колунда темир турса да кол менен урду,так что жомокту жазып журналисттерче кобуртконду токтоткула.Бул кадимки Ата тарбиясы,ооба урбай да тарбияласа болмок,бул Бир жагынан тарбиянын да алсыздыгы.Азыр эми Оз балана катураак соз айтып койсон да интернетке тарачу болду, кылаарга иш жокпу эмне?
17.04.2020. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sakura715,Ооба,мен деле камчы,чыбык менен токмок жегенмин.Бирок отжимание жасайсын деп токмоктогон туура эмес го.Балада куноо болуп,таяк жесе озунун куноосун билет.Жондон жон таяк жесе,психологиялык доо кетет.Баары бир токмок жейт экенмин деп баардык нерсени кылышы мумкун.
17.04.2020. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Mister-X,Эми силерди билбейм,бирок баланы өтө бош коё берүү туура эмес го, айрыкча эркек эркектей болуп чонойуусу керек,если кыздарды ушинтип сабагынан көрсөм чын мен да каршы болмокмун,бирок бул ата баланын өзүнүн тили
17.04.2020. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кечирип койгулаа ачууга алдырып койгону корунуп турат.Ал эми айылдашы Жумамидин Сулайманов ото акылдуу адам экен жазганы 150пайыз туура.Ден соолук каалайм.
17.04.2020. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окунсон жакшы... Эми озун 100 отжимания кылып, видеосун элге корсотуп кой, менден "кэлтек" жей элегинде.
17.04.2020. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неси болсо да урбаш керек эле. эмне озу эле Брюс Ли беле ХХХХ десе.Моюндан байлаган ит ууга жарабайт баары бир
Модератор admin_portal түзөттү 2020-04-18 23:36:52
17.04.2020. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атып салуу керек акмакты
18.04.2020. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга эң чоң жаза озун дагы күнүнө 1000 отжимания жасатыш керек.
3 күндө чмосу чыгат
18.04.2020. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камалсын мындай акмактар ' уруп жатып баланын бир жерине тийсе майып болуп калат ' баланы уруп эмес жакшы соз айтып тарбиялаш керек менимче такыр эле соз укпаса катуу урбаш керекда бала псих жактан жабыркап атат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: