super.kg logo

"Көп балалуу үй-бүлөлөрдү жек көрөм". Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетова айткан сөзү боюнча түшүндүрмө берди

 

Бишкек шаарынын мэринин кеӊешчиси Гуля Алманбетова өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына "Күндө жаңы конуштарга барам. Миллион "тупой" маселелер жана кедейчилик. Баары бири-бирин, баарын каргап жаткан. Ар бир үчүнчү аял 30-36 жашта, 5-8 баласы бар. Көп балалуу үй-бүлөлөрдү жек көрөм жана көргүм дагы келбейт" деп билдирүү жазган. Аталган билдирүү коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды.

Көп өтпөй кээ бир активисттер Алманбетованы кызматтан кетүүсүн талап кылып чыгышты.

Алманбетова аталган билдирүү жеке анын үй-бүлөсүнө байланыштуу жазылганын SUPER.KG порталына айтып берди. Айтымында, билдирүүнү коомчулук туура эмес кабыл алган жана ал адам болгондон кийин оюн жазып, жеңилдөөгө акысы бар.

"Мен жеке үй-бүлөм жөнүндө жаздым. Ким бирөө өзүнө алса, кечирим сураймын. Көп бала – ырыс алып келет. Азыркы тапта апам 85 жашта. Ал таң атканча уктабай жатат. Анткени ал көп бала тарбиялап, өстүрдү. Апакем балдарын издеп, аларды тааныбай катуу ооруп жатат. Улуу эжекем жана сиңдим экөө апамды карап, багышат.

Тилекке каршы, мен апамды үйгө алып келе албайм же карай албайм. Анткени талаада иш деп жүрөм. Карыган апама бара албайм, үйгө да кире албайм. Эки сапар короого чейин барып, үйгө кирбей азык-түлүк таштап келдим. Бирок тамак ичпей калды апам. Түндө эжекем "апама алым жетпей жатат" деп ыйлап чалды. Ал түнү менен уктабай, эшикке чыгып өлүп калган балдарын издеп жатыптыр. Ар кайсы бир туугандарым, ар кайсы жерде чачырап калды. Эркек балдар ата-энени карашпайт деле да. Ошого жүрөгүм ооруп жазган постум болчу. Негизи буулуккан учурумду ким түшүнмөк эле. Анын үстүнө жаран катары ички дүйнөмдөгү ой толгоолорду жазууга укугум бар да. Бул жерде кээ бир адамдар тарабынан мени каралоо иштери да жүрүп жатат", - деди Алманбетова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(50)
17.04.2020. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Эми мин актансан да бир тыйын.Ичиндеги жаман ойду айтып алып,эми эмнеге актанып жатасын?
17.04.2020. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Ай Кудайым ай укпаган созубуз калбадыго.Мырк дешти,сасык дешти,ашата сокту,тупой деди дагы кимдин кандай созу бар Улуу Кыргыз элиме
18.04.2020. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AksyKum,Ушундай Эл болдук окунучтуу, карантин Элдерге абдан терс таасир этти.
17.04.2020. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Кыргыздын душманы ушул аял кыргыздын кобойусуно каршы тууру суук
17.04.2020. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Жумуштан кет, барып апаны карабайсынбы, эмне журосун анда темселеп десе. Эми олуп калайын деп актанып жатканын карасан бул катындын...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: