super.kg logo

Жалал-Абадда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн "Бирге жеңебиз" штабы ачылды

 

Жалал-Абадда “Бирге жеңебиз” штабы өз ишин баштады. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында комендатуранын алдындагы “Бирге жеңебиз” урааны менен атайын штаб ачылды. Бул штабды ачуунун максаты аз камсыз болгон үй-бүлө катары мамлекеттик тизмеге кирбей калгандарды да унутта калтырбоо, материалдык жардамдын бир адамга кайталанып берилүүсүнүн алдын алуу жана чыныгы муктаждарга колдоо көрсөтүү.

Ошондой эле колунда бар, муктаж үй-бүлөлөр үчүн жардам колун сунгандардын башын бириктирип, алар тараптан берилген кийимдерди, азык-түлүктөрдү жана башка каражаттарды кабыл алып, аларды керектүү даректерге жеткирүү болуп саналат.

Бүгүн 17-апрелде бул штабдын өкүлдөрү менен Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданты Жеңиш Жоробеков жолугушуп, комендатуранын байланыш номерлерине жардам сурап кайрылып жатышкан инсандардын даректерин тактап, керектүү азык-түлүктөрдү ыкчам жеткирип туруу керектигин белгиледи. Жолугушуудан соң Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жардамга муктаж болгондорго бүгүндөн баштап азык-түлүктөр даректерге жеткириле баштады.

“Бирге жеңебиз” штабы Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү тактап жатат. Муктаждык жаралса, төмөндөгү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

Жалал-Абад шаары 0701 11-70-32;

Сузак району 0701 11-70-30.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: