super.kg logo

Кытайдан келген дарыгерлер казак кесиптештеринин коргоочу костюмдарын көрүп кейишти

 

Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Эсмагамбетова кытайлык адистердин Казакстандын медицина кызматкерлеринин коргоочу жабдыктары тууралуу айткан сынына комментарий берди.

Башкы дарыгерге онлайн брифинг учурунда кытайлык адистердин коргоочу кийимдер тууралуу сыны кандай кабыл алынгандыгы тууралуу суроо берилген.

"Биздин кытайлык кесиптештерибиз коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө эң көп тажрыйбага ээ. Анткени алар дүйнө жүзү боюнча биринчи жолу коронавирус менен кез келген адистер. Албетте, алар алгачкылардан болуп коопсуздук, диагностика жана дарылоо боюнча чараларды иштеп чыкканы да жалган эмес. Ошондуктан кытайлык дарыгерлер биздин өлкөгө чакырылып, биздин алдын алуу жана дарылоо чараларыбыз менен таанышты. Албетте, биз алар менен баарлашууда алган тажрыйбабызды ишибизде колдонуп жатабыз", - деп билдирген өлкөнүн башкы дарыгери.

Буга чейин Кытайдан келген дарыгерлер Астана шаарындагы №9 клиникага барышкан. Алар оорукана кызматкерлери өздөрүн коргобогонуна нааразы болушкан. Айтымдарында, дарыгер COVID-19 менен ооруган бейтаптар менен алака кылбаса дагы жеке өзүн карап, абалга олуттуу мамиле жасоосу керек. Анткени дарыгер кызматына байланыштуу көптөгөн адамдар менен байланышта болот.

Бул абалга жооп берген казакстандык эксперттер Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушуна ылайык, инфекциялык бейтаптар менен иш алып барууда сарамжалдуу болуу керек экенин билдирген.

Ал эми өлкөдөгү Улуттук илимий кардиохирургия борбору кытай дарыгерлеринин казак дарыгерлеринин коргоочу кийимдери талаптарга жооп бербейт деп айтылган маалыматын четке кагууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
18.04.2020. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Биздин врачтарды көрсө жөн эле боздоп ыйлайт экенда ээ. Кыргызстанга келгенде биздин чиновниктерди көрүп врач экен деп ойлоп алышпаса болду. Анткени алар эң жакшысын кийип тосуп алышат да.
18.04.2020. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Урматтуу супер инфо Кытайдан бизге да 15 врач келет деп атышпайбы беле ошол жөнүндө маалымат берип койгулачы келет бекен же жөн эле куру сөз беле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: