super.kg logo

№17 үй-бүлөлүк медициналык борборунун кызматкерлери тийиштүү тараптарды 17 саат күткөн соң обсервацияга өзүлөрү барышты

 

Бүгүн коронавирус жуктурган 23 жарандын арасында №17 үй-бүлөлүк медициналык борборунун (ҮМБ) төрт кызматкери болгондугу тууралуу маалымат берилген.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы азыркы тапта эпидемиологиялык териштирүү жүрүп жатканын вирус аныкталган кызматкерлер менен катнашта болгон башка кызматкерлерден тест алынганын билдирген. Ошондой эле эгер кимде үй карантинде болууга шарт жок болсо, аларды аныктап, эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлгөн соң обсервацияга муктаждык жаралса, ошондо обсервацияга жаткырыларын билдирген.

Арадан убакыт өтүп, жергиликтүү маалымат каражаттары медицина кызматкерлери 17 саат күтүп тийиштүү тараптардан жооп, жок эле дегенде телефон чалуу болбогонунан улам өзүлөрү мейманканалардын биринде жайгашкан обсервацияга келишкенин жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, алар обсервацияга келген маалда аларды эч ким тосуп алып, тийиштүү медициналык иш-чараларды жасап жайгаштырган эмес. Ал эми мейманкананын администрациясы аларга кечки тамак берилбей турганын, бул ишти ӨКМ уюштуруп жатканын билдирген.

"Бул окуяга ыктыярчылар көңүл буруп, медицина кызматкерлери үчүн кечки тамак уюштуруп, аз убакыт ичинде мейманканага жеткирип беришет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.04.2020. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайындоо болгондон кийин ар бир жаран жоопкерчилик менен иштесе ушундай болбойт
18.04.2020. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окмот менен саламаттыкты сактоо министри каякты карап атат,медиктерди кор кылышты го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: