super.kg logo

БУУ: Коронавирустун айынан 100 миңдеген бала каза болушу мүмкүн

 

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш коронавирустун айынан дүйнө жүзү боюнча 100 миңдеген бала каза болушу мүмкүн экендигин айтып чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, башкы катчы коронавирустун айынан орун алган каржы каатчылыгынан улам балдар дуушар боло турган коркунучтар тууралуу доклад жасаган.

"COVID-19 пандемиясы глобалдуу рецессия жайылтты, ал адамдардын каражаттарына өз таасирин тийгизүүдө. Дүйнө жүзү боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр өзүн жана балдарын толук кандуу тамак-аш менен камсыз кыла алышпайт. Бул шарттар баланын ден соолугуна таасир берет", - деген Гутерреш.

Айрым мамлекеттерде полиомиелит жана кызамыкка каршы эмдөө токтотулган, мындан улам өз учурунда жардам көрсөтүлбөгөн көптөгөн балдар көз жумуп жатканын да айткан.

Башкы катчы ар бир өлкө эч кечиктирбестен, балдарга коркунуч туудуруп жаткан ар бир маселе менен иштеши керек экендигин, болбосо балдардын өлүмүнүн саны күн санап өсөрүн эскерткен.

Айта кетсек, Гутерреш апрель айынын башында дүйнө жүзү боюнча карантин учурунда күч алган үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүү керек экендигин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
18.04.2020. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Жүз миңдеген бала эле болот
18.04.2020. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушуларга олум елек керек Бууга
18.04.2020. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Эн башкысы балдар оорубасын. Тенир колдоп ар бир балада ден соолук болсун.
18.04.2020. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар бир баланын ырыскысы бар.Ажалы келсе байы дагы кедейи дагы олот
18.04.2020. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атайын эле эмне дешер экен деп эле тенирим деп жаза бербегилечи.ойноп жазганынар менен кудай баарын коруп турат.ойлонгула
18.04.2020. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
тенирим берсин ден соолукту.
Ka2sr1 түзөттү 2020-04-18 10:25:10
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: