super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 150 миңден ашты

 

18-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны 2 миллион 240 миң 768ге жетти. Алардын арасынан 568 миң 388 бейтап сакайып, ооруканадан чыккан. Ал эми 154 миң 142 адам вирустан көз жумду.

Калкы коронавирусту эң көп жуктурган АКШда учурда 701 миң 131 бейтап оору менен алышып келет. Алардын 59 миң 434 бейтабы ооруканадан чыгарылып, 36 миң 997 адам каза болду.

Испанияда 190 миң 839 адам коронавирус менен жабыркап келет. 74 миң 797 адам ооруканадан сакайып чыгып, тилекке каршы, 20 миң 2 бейтап оорудан көз жумду.

Италияда 172 миң 434 адам вирус менен жабыркаса, 42 миң 727 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. 22 миң 745 бейтап каза болду.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: