super.kg logo
  Саясат  

Жети-Өгүздөгү митингдер Оштогуларды нааразы кылууда

 

Ош шаарында бүгүн, 30-августта жарандык коомдун өкүлдөрү журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Алар өлкөдө болуп жаткан акыркы окуялар, митинг, пикеттер карапайым калктын жашоосуна зыянын тийгизип жатканын айтышты. “Үй салабыз, соода кылабыз деп убагында насыяларды алганбыз. Быйыл көрдүңүздөр, мөмө-жемиш бышып турган учурда Жалал-Абадда тополоң болуп, Ош-Бишкек жолу бир нече күн буулуп турду. Бекер эле жолдо эзилип жок болот деп Бишкекке жөнөтө турган мөмө-жемиштерибизди тербей коюп, жерге түшүп эле жок болду. Муну тополоңчулар ойлонушкан деле жок",- дейт шаар тургуну Гүлбайра Эралиева. Алар өлкөдөгү бардык окуяларды сүйлөшүү жолу менен чечүү керектигин билдиришти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: