Атасы баласын "отжимание жаса" деп ур-тепкиге алган окуя. Баланын ата-энеси суракка алынып, 4-перзентин күтүп жатышканы маалым болду



17-апрель күнү социалдык тармактарда тараган Кыргыз жаранынын жашы жете элек баласын "отжимание жаса" деп ур-тепкиге алган видеоматериал боюнча Ички иштер министрлиги билдирүү таратты.
"Аталган факты Москва шаарынын Кунцево райондук аймактык ички иштер башкармалыгына катталды. Аймактык укук коргоо кызматкерлери баланын атасы Ж.Э. үй-бүлөсү менен убактылуу жашап жаткан дарекке барып, териштирүү жүргүзгөндө окуя 16-апрель күнү саат 11:00 чамасында орун алганы аныкталган. Видеону баланын апасы тартып, WhatsApp мессенжери аркылуу башкаларга таратып жиберген. Ал эми аялдын атасы туугандардын тайпаларына жөнөтүп, видео коомчулукка тарап кеткен.
Учурда Ж.Э.ге карата юридикалык баа берүү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Аймактык полиция кызматкерлери ата-энелерди жана окуяга катышкан адамдарды суракка алууда. Андан сырткары аталган үй-бүлө 3 баланы тарбиялап жатканы жана баланын апасы Ж.Ж. 5 айлык кош бойлуу экендиги аныкталды", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 17-апрель күнү атасы баласын "отжимание жаса" деп темир таяк менен сабаган видеосу интернет желесине тарап, коомчулукта резонанс жараткан. Көп өтпөй баланын тай тарабы окуя боюнча полиция кызматына кайрылганын билдирген. Андан соң баланын атасы кылган жоругуна өкүнүп жатканы тууралуу маалымат тараган. Ошону менен токтолуп калбай, байма-бай интернет булактарына ата-энесинин баласы менен урушпай, жакшы сүйлөшүп отурган видеолору чыккан.

Бизди мектепте илгери агайлар ур тепкиге алып эле тарбиялаган ата энеңе барып айтсаң ырас болуптур деп коюшчу азыр болсо апасы урса атасы болушат атасы урса апасы элге жайып ит кылат анан кантип балаң көк бет болбойт.
Эми не аялын да коркутуп кечирим суратып жатабы деп ой келип жатат
Бизде понята ошондой озу баланы уруш керек деген эртен ал бала чонойушун эске алыш керек урган Адам бала чонойот сен каарыйсын дегендей