super.kg logo
  Саясат  

"Исмаил Матраимов" фонду Бишкек шаарында муктаж болгон үй-бүлөлөргө 2550 мүшөк ун таратты

 

"Исмаил Матраимов" фонду бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун колдоосу менен өлкөнүн аймактарына гуманитардык жардамдарды көрсөтүп келди. Муну менен катар эле саламаттыкты сактоо тармагына коронавирусту аныктоого жана андан коргонууга зарыл болгон каражаттарды алып берди.

Фонд тарабынан жардам берүү Бишкек шаарына келип жеткенин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов маалымдады. Ага ылайык, пандемия учурунда азык-түлүккө муктаж болгон үй-бүлөлөргө 2 миң 550 мүшөк ун таратылып берилди.

"Анын ичинен 450 мүшөк ун комендатурага, 1 миң 300 кап ун Бишкек мэриясы аркылуу Ленин, Октябрь, Свердлов жана Биринчи Май райондорунун жашоочуларына берилди. Мындан тышкары 800 кап унду биздин ыктыярчылар өзүбүзгө байланышка чыккан шаардын тургундарына, жаӊы конуштарда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жеткирип беришти", - деп маалымдайт депутат.






"Исмаил Матраимов" фонду Бишкек шаарында муктаж болгон үй-бүлөлөргө 2 550 мүшөк ун таратты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: