Индияда 21 моряк коронавирус жуктуруп алды
Индиянын Мумбай шаарында жайгашкан Ангр аскер-деңиз базасында 21 моряктан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты."COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын ичинен 20 моряк "INS Angre" базасынан. Алардын көбүндө оору эч кандай белгилери жок өтүп жатат. Алгач вирус 7-апрелде бир моряктан чыккан. Азыркы тапта алар катнашта болгон адамдар табылып, обсервацияга алынган", - деп жазылат маалыматта.
Азыркы тапта база толугу менен изоляцияга алынган. Кемелерде жана суу алдында жүрүүчү кемелерде коронавирус каттала элек.
Өлкөдө жалпы 14 миң 378 адам вирус жуктуруп алган, 1 миң 991 бейтап оорудан айыгып чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:29
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















