super.kg logo

Орусиялык дарыгер Елена Малышева коронавирусту "кереметтин керемети" деп атады (видео)

 

Орусиянын белгилүү дарыгери жана теле алып баруучусу Елена Малышева социалдык тармактагы жеке баракчасында колдонуучулар менен түз эфирде маек куруп жатып, коронавирусту керемет деп атаган. Анын бул билдирүүсү коомчулукта туура эмес пикирлерди пайда кылып, анын бул айтканын көпчүлүк түшүнбөй калышкан.

Малышева эмне үчүн вирусту керемет атаганын жергиликтүү басылмаларга берген маегинде түшүндүрүп берди.

Айтымында, коронавирустун кереметтиги ал балдардын эмес, жашы жетип калган жарандардын өмүрүн алгандыгында.

"Мен бул вирусту керемет деп айтам жана анын керемет экенине ишенем! Коронавирус чыныгы керемет, себеби андан балдар өлбөйт, ооруп калышпайт жана 20 жашка чейинкилер жандандыруу бөлүмүндө калышпайт. Анын кереметтиги вирус менен 70, 80, 90 жаштагы жарандар жабыркап, ооруганында", - деп билдирген Малышева.

"Коронавирус тууралуу статистика бар. Ал Кытай, Италия жана Америкада эпидемия күчөгөн мезгилде топтолуп, аныкталган статистика. Андагы маалыматка ылайык, Кытайда коронавирустан 10 жашка чейинки балдар көз жумган эмес. Ал эми Америкада 20 жашка чейинкилер бейтапканалардын жандандыруу бөлүмдөрүнө оор абалда түшкөн эмес.

Ооба, жаштарга дагы кээ бир учурда вирус жугуп калып жатат. Бирок алар вирустун оор түрү менен жабыркабай эле айыгып жатышат. Бул жакшы көрүнүш жана бул чоң бакыт. Ошондуктан коронавирусту мен абсолюттуу түрдө керемет деп атайм", - деп кошумчалаган ал.

Дарыгердин билдиришине ылайык, коронавирус көбүнчө өнөкөт оорулары бар адамдарга жабышат.

"Башка вирустардын бардыгы биринчи кезекте балдардын жана кош бойлуу аялдардын өмүрүн алганга аракет кылат. Коронавирустун дагы бир керемети – кош бойлуу аялдарга жана балдарга кол салбайт. Италиялыктар өлгөндөрдүн орточо жашы 79 жашты түзүп жатканын айтып жатышат.

Албетте, бул башкалар ооруп же өлбөйт дегенди билдирбейт. Бирок бул оору карыларга жана катуу өнөкөт оорулары бар адамдарга өзгөчө коркунучтуу экендигин айгинелейт. Бул олуттуу өнөкөт ооруларга семирүү, кант диабети, жүрөк жана өпкө оорулары жана гипертония кирет", - деп билдирген Малышева.






Елена Малышева коронавирусту "кереметтин керемети" деп атады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
19.04.2020. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Керемет болбой калсын.Кош бойлуу аялдардан дагы вирус аныкталып жатпайбы?Канчалаган адамдардын омурун алды.
19.04.2020. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул айнып калган го, бул вирустан кутула албай атсак. Эмнеси керемет дуйно жузу кризиске учурап атса
19.04.2020. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бул катын 70.80.90го чыкбай бекен, Тооба деп суйлобойбу? Менин оюмча каарылар олуп тазаланат экен деген мааниде керемет деген окшойт,алжыган тантык. Каарылыка эмне жетсин? 70.80.90жаштагы чалкемпирлер деле жашагысы келет омурлору узун болсун оорубасын.Ошол жашка жеткирсин.Орустардын ушул сапаты такыр жакпайт каарыса эле жаман коруп калышат.Эртен озундун да башына келет.Ушул катын такыр жакпай калды!
19.04.2020. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Не кыласыңар эми тынч болсунда, бул дагы бир сөөгүндө тили жок немекен да
19.04.2020. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш балдар куноосуз болушат
19.04.2020. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Орус оюндагысын былжырап койо беретда
19.04.2020. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жердеги комментарийлерди жашы 70 жогоркулар жазып жатышат окшойт))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: