super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан каза болгондор 160 миңден ашты

 

19-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус менен ооругандардын саны 2 миллион 328 миң 124кө жетти. Алардын арасынан 594 миң 192 бейтап сакайып, ооруканадан чыккан. Ал эми 160 миң 518 адам вирустан көз жумду.

Калкы коронавирусту эң көп жуктурган АКШда учурда 734 миң 552 бейтап оору менен алышып келет. Алардын 66 миң 498и ооруканадан чыгарылып, 38 миң 835 адам каза болду.

Испанияда 194 миң 416 адам коронавирус менен жабыркап келет. 74 797 адам ооруканадан сакайып чыгып, тилекке каршы, 20 миң 639 бейтап оорудан көз жумду.

Италияда 175 миң 925 адам вирус менен жабыркаса, 44 миң 927 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. 23 миң 227 бейтап каза болду.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: