Түркияда 107 жаштагы аял коронавирустан айыкты
Түркиянын 107 жаштагы тургуну коронавирустан айыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 7-апрелде Хавахан Карадеңиз аттуу аял дене табы жогору болуп, жөтөлүп жатканын айтып Стамбулдагы илим изилдөө клиникасына жеткирилген. Андан коронавируска тест алынып, жыйынтыгы вирус бар экенин тастыктаган. Бейтап 1 аптадан кийин жакшы болуп, ооруканадан чыккан. Дарыгерлер мындай көрүнүшкө таң калышып, бейтаптын иммундук системи аябай күчтүү экенин айтышкан.
Учурда Хавахан Карадеңиз үй карантининде деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күнгө карата Түркияда 82 миң 329 жарандан коронавирус аныкталып, анын 10 миң 453ү айыкты. Каза болгондор 1 миң 890го жетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.