super.kg logo

Комендант: "Жалал-Абадда сутка ичинде 20 кылмыш иши катталды"

 

Бүгүн, 19-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков өзгөчө абал кирген аймактардагы кырдаал, эпидемиологиялык абал боюнча жыйын берип өттү.

19-апрелге карата Жалал-Абад облусу боюнча жалпысынан 20 кылмыш иши катталды. Мыйзам бузуулардын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыш иштери катталган жок экендиги айтылды.

"Бир сутканын ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган жарандарга тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Коменданттык сааттын талаптарын бузган 16 жаран кармалды. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, протоколдор түзүлдү", - деди комендант.

Мындан тышкары комендантка "бет капсыз жүргөн адамдарга кандай чара көрүлүп жатат?" деген суроо узатылды.

"Анализ боюнча көбүнчө айылдардын ичинде бет кабын чечип же аны колунда алып жүргөндөр кездешип жатат. Биз аларга алгач эскертүү беребиз. Андан кийин талап аткарылбаса, мыйзам чегинде чаралар көрүлүп жатат", - деди Жеңишбек Жоробеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: