Нарында кооптуу аймактарда кырсыкты болтурбоонун алдын алуу үчүн көчөттөр отургузулуп баштады







Нарын облусунун Жумгал районуна 1 миң 500 даана көчөт тигилди. Бул иш-чара республиканын аймагындагы кооптуу аймактарда кырсыкты болтурбоонун алдын алуу максатында аткарылууда. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер алдындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүп кетүүсүнүн жогору кооптуулугу бар 1 гектар жер аянтына теректин көчөтүн отургузуу жумуштары башталды. ӨКМ тарабынан аталган аймакка жалпы 1 миң 500 даана көчөт тигилет.
Республикабыздын аймагындагы кооптуу делинген жерлерге жыл сайын ӨКМнын жашыл долбоорунун алкагында жер кыртышын бекемдөө максатында көчөттөр тигилип келет. Өлкөбүздөгү кыйын кырдаалга карабай, министрликтин кызматкерлери аталган долбоорду токтотпостон, жумуштарын улантышууда. Учурда жашыл долбоор Ысык-Көл жана Нарын облусунун аймактарында жүргүзүлүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.

