super.kg logo

Элчилик: "Орусиядагы Кыргыз жарандарынын арызын күнү-түнү кабыл алуучу Call-борбор түзүлдү"

 

Кыргыз жарандарын учак жана автобус менен мекенине алып кетүү үчүн элчилик тарабынан тизме түзүлүп жаткандыгы тууралуу жалган маалыматтар көбөйүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

"Тилекке каршы, мекенине алып кетүү үчүн түзүлүп жаткан тизмеге киргизүү үчүн белгилүү бир суммада акча сурап, жашаган орду боюнча жасалма каттоого тургузууну, жасалма паспортторду сунуштаган алдамчы, чайкоочулар көбөйүп жатат. Ушуга байланыштуу элчилик жарандарга чындыкка дал келбеген жалган маалыматтарды таратуудан баш тартууну, эмгек мигранттарына жардам берип жатабыз деген жасалма түрдө иштеген ар кандай кайрымдуулук фонддордун чагымчыл маалыматтарына, Кыргыз өлкөсүнө алып кетебиз деген айрым саясатчылардын популисттик убадаларына жана билдирүүлөрүнө ишенбөөгө чакырат.

Бүгүнкү күнү Орусия жана Казакстан тарабынан бардык авиа, темир жол жана автоунаа жолдору жабык. Жакынкы арада Новосибирск шаарында колунда билети бар, авиакаттамдары болбой калган жарандарды Бишкекке кетирүү үчүн иштер уланууда. Элчиликке күнүгө 400-500дөн ашуун ар кандай оор абалда калган жарандардын кайрылуулары келип түшүүдө. Элчиликтин алдындагы штабда кыргыз диаспорасынын активисттери, ыктыярчылар менен биргеликте тамак-аш, убактылуу жашоочу жай менен камсыздоо, медициналык жардам көрсөтүү, жумушка орноштуруу сыяктуу тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Эң керектүү тамак-аш менен камсыздоо атайын критерий менен берилет, биринчи кезекте өтө муктаждарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана улуу жаштагы жарандарга берилерин белгилей кетебиз.

19-апрелден баштап элчилик Кыргыз жарандарынын арызын күнү-түнү кабыл алуучу Call-борбор түздү. Элчиликтин Call-борборуна төмөндөгү телефондор аркылуу чалып, кайрылуу калтырууга болот.

+7 (499) 237 43 01;

+7 (499) 237 44 61;

+7 (925) 387 41 27 – (WhatsApp);

+7 (925) 387 45 97 – (WhatsApp);

+7 925 103 29 11 – (WhatsApp).

Ошондой эле элчилик азыркы кырдаалга байланыштуу Орусияда киргизилген тартипти, эрежелерди сактоого, жеке саламаттыгына карап, өздөрүнө жана жакындарына сак болууга чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
19.04.2020. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россиядагы элчиликти уксам эле нерв кайнайт
21.04.2020. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жооп беришпейт экен буларга чалганың менен деле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: