super.kg logo

Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө. Бул боюнча 19-апрелдеги кабарлардын ток этерин окугуңуз келсе...

 

Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу коронавирус катталгандан бери туура 1 ай жана 1 күн өттү. Бул аралыкта илдетти жуктуруп алганы аныкталгандардын саны 554кө жетти.

Акыркы суткада 48 адам, анын ичинде 18 медициналык кызматкер коронавирус менен ооруп калганы маалым болду. Жалпы ак халатчандардын саны ушуну менен 134кө жетип, алардын эң көбү Бишкек жана Ошто катталган.

Бир суткада коронавирустан дагы 3 бейтап айыгып чыкса, бейтаптардын ичинен 16 жарандын абалы оор.

Коронавирус жайылганы аба каттамдары токтогонуна байланыштуу түрдүү өлкөлөрдө калып калган Кыргыз жарандарынын учуп келиши улантылып жатат. Бул сапар Индонезия, Таиланд жана Вьетнамдан 32 Кыргыз жараны учуп келишти.

Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди тууралуу окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: