Чехиянын президенти чек аралар кеминде 1 жыл жабык болушу керек деген пикирин айтты
Чехиянын президенти Милош Земан коронавирус инфекциясы өлкөгө кайтып келбеши үчүн мамлекеттик чек араларды 1 жылга жабууну сунуштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты."Чек аралар 1 жыл бою жабык бойдон калышы керек. Менин оюм өзгөргөн жок", - деп билдирген өлкө башчысы.
Ал эми өлкөнүн тышкы иштер министри Томаш Петржичек өкмөттө ишкерлерге ар кандай сүйлөшүүлөр үчүн чет өлкөгө чыкканга уруксат берүү тууралуу маселе караларын айткан. Ал чектөөлөр аз-аздан алынарын кошумчалаган.
Чехияда жалпы 6 миң 701 адамдан вирус аныкталган. 186 жаран каза болуп, 1 миң 298 бейтап оорудан сакайып чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:29
2025-11-06
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(1)
ZUXRIDDIN20
20.04.2020. 09:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзбекстан Кыргызстанда вирус тезирээк токтоп таможныйлар ачылса экен. Менин окуум эмне болот. Узакка жабылып калса таможный
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















