super.kg logo

Өлкөдө социалдык төлөмдөрдүн мөөнөтү убактылуу жылдырылды

 

Өлкөдө социалдык төлөмдөрдүн мөөнөтү убактылуу жылдырылды. Тагыраагы, өкмөттүн буйругу менен өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режими алынгандан кийинки айдын соңку күнүнө чейин документтерди талап кылуусуз төмөнкүлөрдүн мөөнөттөрү узартылгандыгын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдайт.

Алар:

- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга ылайык, мамлекеттик жөлөк пулдар дайындалган адамдарга мамлекеттик жөлөк пулдарды төлөөнүн;

- "Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуна ылайык, жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай жардам алуучу адамдарга компенсация төлөөнүн;

- майыптыгы боюнча пенсия алуучу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга пенсияларды төлөп берүүнүн;

- дайыма кароого жана көзөмөлгө муктаж ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген баланы багуу боюнча жеке ассистенттердин кызмат көрсөтүүлөрүнө келишимдердин колдонулушу;

- маалым каттын колдонуу мөөнөтү токтотула тургандыгы белгиленген күнгө карата майыптыгынын тобун өзгөртпөстөн, өтүп кеткен мөөнөттү андан ары эсептөө менен, аймактык (райондор аралык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын майыптуулукту белгилеген маалым каттарынын, ошондой эле кезектеги кайра күбөлөндүрүүнүн колдонулушу;

- дайыма кароого жана көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген баланы багуу боюнча жеке ассистенттерге милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча ыктыярдуу патенттин жана камсыздандыруу полистеринин жарактуулук мөөнөтү;

- баланы (балдарды) багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берүү жөнүндө келишимдердин колдонулушу;

- багып алган балдарга кам көрүүгө финансы каражаттарын, ошондой эле багып алуучу ата-энелердин эмгек акысын төлөп берүүнүн;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилген санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолордун колдонулушу;

- жумушсуздук боюнча жөлөк пул алуучу жарандарга жумуш издөө жөнүндө маалыматтарды талап кылбастан, жумушсуздук боюнча жөлөк пул төлөп берүүнүн.

Бул чара COVID-19 инфекциясынын жайылышына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал шартында социалдык туруктуулукту камсыз кылуу жана калктын социалдык аярлуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: