20-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген аймактарда 81 адам коменданттык саатты бузуп кармалды

20-апрелге карата өзгөчө абал режими киргизилген Бишкек шаары, Ноокат, Кара-Суу райондору, Ош шаарынын, Сузак районунун жана Жалал-Абад шаары, Нарын шаары жана Ат-Башы райондорунун аймактарында коменданттык саатты бузуп, 81 адам ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилип, 18 автоунаа айып унаа токтотуучу жайга киргизилди.
Анын ичинде:
Бишкек шаарында - 66;
Жалал-Абад шаарында - 4;
Сузак районунда - 2;
Ош шаарында - 3;
Ноокат районунда - 1;
Нарын шаарында - 4;
Ат-Башы районунда – 1;
Жалгыз Кара-Суу районунда тартип бузгандар катталган жок.
25-марттан тартып өлкө боюнча 2 миң 970 адам коменданттык саатты бузгандыгы аныкталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.