super.kg logo

Бүгүнкү күнгө карата 10 медицина кызматкери айыгып, ооруканадан чыгышты (видео, хронология)

 

Бүгүн, 20-апрель саат 10:00гө карата коронавируска байланыштуу өлкөдөгү кырдаал боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңыланган маалыматтар менен тааныштырды. Өкмөт үйүндө өтүп жаткан онлайн маалымат жыйынга министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев келди.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-20 10:18

"Айыккандардын арасында 10дон ашуун медицина кызматкерлери дагы бар. Алар акырындык менен ишине кайтышат", - деди Нурболот Үсөнбаев.

2020-04-20 10:17

Суроо: Эпидемиологиялык абалга байланыштуу карантин май айынын ортосуна чейин узартылышы мүмкүнбү?

Жооп: Азырынча бул суроого жооп берүүгө эрте. Аткени биз коронавирустун туу чокусуна жете элекпиз.

2020-04-20 10:16

Жеке менчик лабораторияда коронавируска тест тапшыруу 2 миң сомдон жогору болот. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары маалымат жыйында билдирди.

2020-04-20 10:15

Министрдин орун басары: "Өлкө боюнча тоңдурулган үлгүлөр жок. Баарынын жыйынтыгы чыккан".

2020-04-20 10:14

Медицина кызматкерлерине кошумча каражат төлөп берүү боюнча маселе каралып жатат.

2020-04-20 10:11

Нурболот Үсөнбаев: "Польшадан келген дарыгерлер тобу бүгүн, 20-апрелде саат 09:00дөн баштап Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканага барышты. Алар бейтаптарды дарылашат. 27-апрелден кийин түштүк аймакка барышат.

Ал эми Кытайдан келе турган дарыгерлер лабораториялык изилдөөлөрдү карашып, биздин дарыгерлерди аралыктан окутат".

2020-04-20 10:08

20-апрелге карата коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 14 кишинин ичинен 6 медицина кызматкери бар. Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 3, Ош шаарында – 1, Нарын облусунда – 1, Бишкек шаарында – 1.

Жалпысынан республика боюнча коронавирус диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 140 жаран катталды.

2020-04-20 10:07

Коронавирус аныкталган бейтаптардын ичинен 311 – аял киши, 257 – эркек киши.

2020-04-20 10:06

Стационарларда жаткан бейтаптардын ичинен 16 жарандын абалы оор бойдон калууда.

2020-04-20 10:04

Сутка ичинде өлкө боюнча 68 бейтап илдеттен арылып, ооруканадан чыгарылды.

2020-04-20 10:03

Тилекке каршы, 20-апрелге карата 2 бейтап каза болду. Чүй облусунан бир аял киши 70 жашта, Ош шаарынан бир эркек киши 79 жашта болгон. Каза болгондордун өнөкөт оорулары болгон.
Жалпысынан республикада COVID-19дан 7 адам каза болду.

2020-04-20 10:02

Сутка ичинде 14 жарандан коронавирус аныкталды. Алар төмөнкү аймактардын тургундары:

Бишкек шаары – 4;
Чүй облусу – 2;
Ош шаары – 4;
Жалал-Абад облусу - 3;
Нарын облусу – 1.

Муну менен ооругандардын жалпы саны 568ге жетти.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: