"Бүгүнкү күндө тоңдурулган үлгүлөр жок" дейт министрликтин өкүлү
Өлкөдө коронавируска алынган анализдердин тоңдурулган үлгүлөрү жок. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
"Бүгүнкү күндө тоңдурулган үлгүлөр жок. Лабораториялардын баары шарттуу түрдө иштеп, алынган анализдердин жыйынтыгын кечиктирбей чыгаруу үчүн түнү менен иштеп жатышат", - деди ал.
Буга чейин 16-17-мартта чет өлкөдөн келген жарандардан анализ алынып, тест-системдердин жогунан тоңдурулганы маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.